22:56
USD 87.00
EUR 90.58
RUB 0.83

Өлкөнүн мыкты студенттери президенттик стипендия алышты

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 25-декабрда, 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты деп табылган 70 студентине президенттик стипендия тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу аралыктан окутууга өтүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө айтып келип, калктын кеңири катмарын интернет жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоодогу оорчулуктарга токтолду.

Талант Мамытов катышып отурган стипендиаттардын арасынан келечекте элдин сыймыгы жана өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болгон, Кыргызстанды өнүктүрүп, даңктаган адамдар чыгат деген ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, президенттик стипендияга 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн 29 жогорку окуу жайынан 70 мыкты студент ээ болду.

Эң көп окулган жаңылыктар