USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Малайзияда COVID-19дун жаңы штаммы табылды

10:05, 24 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Малайзияда коронавирустун жаңы штаммы (түрү) катталды. Бул тууралуу New Straits Times басылмасы өлкөнүн саламаттык сактоо министри Нур Хишам Абдуллага шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, A701V деген аталышка ээ болгон штамм Сабах штатындагы коронавирустун үлгүлөрүн изилдөөнүн жыйынтыгында табылды.

«Азырынча бул штаммдын клиникалык таасирин, канчалык жугуштуу экенин билбейбиз. Азыр адистер анын натыйжалуулугу менен агрессивдүүлүгүн аныктоого аракет кылып жатышат», — деди Абдулла.

Буга чейин Улуу Британия да өлкөдө коронавирустун мутацияланган жаңы түрү аныкталып, тарап жатканын билдирген. Буга байланыштуу Европа жана башка аймактардагы ондогон өлкө бул мамлекет менен каттамдарга чектөө киргизген. Британ саламаттык сактоо мекемеси жаңы штамм мурдагыга караганда 70 пайызы жугуштуу деген божомолун айткан.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18