Балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.
Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.
Айсулуу Тыныбекова финалда мекендешибиз латвиялык Анастасия Григорьева менен килем үстүндө күч сынашып, аны 14:0 ири эсебинде артта калтырды.
Балбан кыз жеңишин элине арнап, мелдештеги сүрөттөр менен өз баракчасында бөлүштү.