16:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Катар мамлекети Доха-Ош-Бишкек аба каттамын ачууга кызыкдар

Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Талкуу жүрүшүндө бир катар арап өлкөлөрү, анын ичинде Катар мамлекетинин такай иштей турган Доха — Ош — Бишкек аба каттамын ачууга кызыкдар болуп жатканы белгилүү болду.

Андан тышкары, депутаттар ушу тапта өлкөнүн жарандык авиациясынын абалы өтө начар экенин белгилөө менен бирге, Өкмөт өкүлдөрүнүн көӊүлүн Кыргызстанды ИКАОнун «кара тизмесинен» чыгаруу, ички аба каттамдарынын тарифин төмөндөтүү сындуу бир катар көйгөйлүү маселелерге бурду. Алардын пикиринде, баарындан мурда ички аба каттамдарды жандандырууга өзгөчө көӊүл бөлүп, аймактардагы аэробекеттерди реконструкциялоо зарыл.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19 учак катталып, анын 17си жеке жактарга, ал эми 2 учак мамлекетке таандык. Өткөн жылы Кыргызстанда учак аркылуу 3 млн жүргүнчү тейленген, анын 1 млн.дон ашууну ички каттамдагы жүргүнчүлөр болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар