20:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 440 адамдан вирус табылып, төртөө каза тапты

Бир суткада 440 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 109, Ош шаарында- 17, Чүй облусу — 162, Ош облусу — 24, Талас облусу — 13, Нарын облусу — 14, Ысык-Көл облусу — 37, Жалал-Абад облусу — 39 жана Баткен облусу — 25 кишинин анализинен коронавирус аныкталды.

Бишкек, Чүй, Ысык-Көл жана Об облусунда бирден киши көз жумду.

Кыргызстанда расмий маалымат боюнча 74 миң 373 кишиге вирус жугуп, анын 1 миң 285и каза тапты.

Эң көп окулган жаңылыктар