11:07
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 420 кишиден вирус аныкталды

Бир суткада 420 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында (179) жана Чүй облусунда (112) вирустук жайылуу көрсөткүчү жогору бойдон калууда.

Ал эми Ош шаарында (8), Нарын (4) облусунда коронавирустун экинчи эпкини төмөндөдү.

Ош облусунда — 26, Талас — 13, Ысык-Көл — 35, Жалал-Абад — 15, Баткен — 28 кишиден бир суткада вирус аныкталды.

Март айынан бери 73 миң 933 киши коронавируска чалдыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар