10:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте кинотеатр, компьютердик клубдар иштей баштады

1-декабрдан тарта Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты. Бул тууралуу мэриянын маалымат жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева айтты.

Айжан Чыныбаева ишмердүүлүгүн жанданткан мекемелерде санитардык талаптар аткарылышы керектигин айтты. Кире бериште фильтр коюлуп, бөлмөнү 15-20 мүнөт сайын желдетип туруу, социалдык аралыкты сактоо, жарандардын беткап тагынуусун талап кылуу, шахматтык негизде отургузуу керек.

Март айынан бери 73 миң 178 киши коронавируска чалдыгып, анын 1 миң 275и көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар