16:32
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

COVID-19. Биринчи өлүм апрелде, эң көп учур июлда катталды

Кыргызстанда COVID-19 алгачкы учуру катталган күндөн тарта ооругандардын саны 3 бейтаптан (18-март) 72 миң 807 учурга (30-ноябрь) чейин көбөйдү. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүүчү республикалык штаб билдирди.

Ооругандардын эң көп саны катталган күн катары 17-июль белгиленет (1654 учур). Ал эми ноябрь айында 9-ноябрдабир суткада 571 бейтаптан вирус аныкталды.

Учурлар эӊ көп Бишкек шаарында — 24 миң 279, ал эми эӊ азы Нарын облусунда — 2 миң 73 бейтап катталды.

Бүгүнкү күндө жалпы 64 149 адам коронавирустан айыкты.

Коронавирустан 2-апрелде алгачкы өлүм катталган, учурда — 1 миң 271 адам каза тапты.
Эң көп окулган жаңылыктар