09:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Саламаттагыңыз үчүн башкы кеңештерди унутпаңыз

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда күн сайын 400-500 кишиден вирус аныкталууда. Март айынан бери 71 миң 548 киши вируска чалдыгып, анын 1 миң 256сы коронавирустан каза тапты.

Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 жана пневмония менен ооруп айыккандарга өз кеңешин саламаттыгы калыбына келтирүү кеңешин берет.
Башкы талап тамеки чегүүнү токтотуп, спирттик ичимдиктерден баш тартуу.

Убакыт керек

Ковидден кийин кайра калыбына келүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Көпчүлүк билип калгандай, организм алыстап, булчуңдар шалбырап калат. Андыктан, дароо эле шымалана ишке киришип кетүүдөн алыс болуңуз. Ар ким саламаттыгы ар кандай болгондуктан, кайра калыбына келүү дагы окшобойт.

Сууну көп ичиңиз

Ковид менен ооругандар күнүнө эки литрдлен кем эмес суу ичиши керек. Ар кандай жемиштерден шире, лимон менен чай жана жөн эле суу ичип туруңуз.

Айран жана башка кычкыл суусундуктар дагы ашыкча болбойт. Алар ашказандын калыбына келишине жардам берет.

Майлуу тамактарды азайтуу зарыл

Адистер тооктун, үндүктүн жана уйдун майсыз этин сунуштайт. Этти куурубай, кайнатып бышырган оң. Жемиш менен жашылчаларды дагы көбүрөөк колдонуңуз. Ашказанды толтуруп кыйноонун зарылчылдыгы жок. Кум-шекерди азайтып, куурулган, ышталган тамактарды токтотуш керек.

Оор күчтү токтотуу

Кыймыл-аракетти акырындап көбөйтүү керек. Алгач көбүрөөк басып, сейилдөөнү улам-улам узартып тууру зарыл. COVID-19дун оор формасы менен ооругандар дене көнүгүүлөрү боюнча дарыгерлен кеңеш сураганы эп.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума