15:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Оорулуу адам менен чогу жашагандардын обочолонуу тартиби

COVID-19 менен күрөш уланууда. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда күн сайын 400-500 кишиден вирус аныкталууда. Европа чөлкөмүндө айрым өлкөлөр катаал карантин тартибин киргизди. Кыргызстандын өкмөтү экономикалык кырдаалдан улам, чектөө киргизе албастыгын билдирип, коомчулуктан санитардык талаптарды сактоону суранды. Андыктан эгер оорунун жеңил түрүнө кабылган жаранга, үй-бүлөсүнүн саламаттыгы үчүн үйдө туура обочолонууну сунуштайбыз.
 
Белгилей кетсек, март айынан бери 71 миң 548 киши вируска чалдыгып, анын 1 миң 256сы коронавирустан каза тапты.
 

Обочолонуу (социалдык аралыкты сактоо)

Бул адам үйдө калып, өтө зарыл болгон учурларда гана үйдөн чыгуучу аракет. Бул COVID-19 вирусу чыкканда киргизилүүчү өзгөчө кырдаал учурундагы эң эле натыйжалуу чаралардын бири.

Чектөө

акыл-эстүүлүктү көрсөтүп, коомдун жана өзүнүн жакындарынын астындагы социалдык жоопкерчиликти моюнга алып, айланадагылар менен болгон байланыштарды чектөө.

Жеке гигиена эрежелерин сактоо

Жеке гигиена эрежелерин сактоону улантуу. Колду тез-тезден 20 секунддан кем эмес самындап жууп туруу же аларды спирт камтылган антисептик менен тазалоо, муну өзгөчө коомдук жайларга (дүкөн, дарыкана, подъезд) барып келген сайын аткаруу. Ал эми жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз жана мурунду кагаз кол аарчы менен жабуу же чыканактын бүгүлгөн жерине чүчкүрүү жана жөтөлүү.

Үйдү тазалоо

Ар бир 1,5 саатта бөлмөнү желдетип туруу жана үйдү нымдуу тазалоонун санын көбөйтүү, эшиктин туткаларын тазалоо, ошондой эле гаджеттерди (ноутбук, смартфон, телефон ж.б.) дезинфекциялоо. Телефонду бетке тийгизбей, смартфондор үчүн кулакчындарды пайдалануу. Бирок аларды дагы 70%дык спирт менен үзгүлтүксүз сүртүп туруу зарыл.

Күн тартибин уюштуруу

Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн өз алдынча бир нерсе менен алек болуусун уюштуруу керек. Үйдү толук тазалоону баштоого, үй кинотеатрын уюштурууга, үй-бүлөлүк оюндарды ойноп убакыт өткөрүүгө, сүрөт тартуу, китеп окуу, чет тилдерди үйрөнүү жана башкалар менен алектенүүгө болот. Бул ашыкча кооптонууну азайтууга жана өзгөчө кырдаалдар учурунда бири-бириңерди колдоого жардам берет.

Эң көп окулган жаңылыктар