19:00
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«118» сall-борбору COVID-19 боюнча кеп-кеңештерди берет

2020-жылдын 6-апрелинен тарта коронавирустук инфекциянын маселелери боюнча жарандарга кеп-кеңештик жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте «118» ыкчам кызматы иштей баштаган. 2020-жылдын 11-майынан бери өлкөнүн бардык аймактарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун алдында 7 call-борбор иштеп жатат.

Call-борборлор күн сайын 8:00дөн 20:00гө чейин тыныгуусуз жана дем алышсыз иштейт, ар бирине нөөмөт менен иштөөгө 4 оператор тартылган: 2 окутулган үй-бүлөлүк дарыгер/ординатор жана 2 медайым.

Call-борборлордун негизги максаты — калкка ыкчам консультацияларды берип, саламаттык сактоо тутумунун мекемелерине түшкөн жүктү азайтуу максатында COVID-19 менен байланышкан госпитализациялардын санын азайтуу.

Эң көп окулган жаңылыктар