06:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Ооруканада 2 миң 861 адам дарыланууда

Өлкөдөгү ооруканаларда 2 миң 861 адам коронавирустан дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, үйдөн 3 миң 832 адам дарыланууда.

Бейтаптардын көпчүлүк бөлүгүнүн абалы оор катары бааланат. Алардын 66 пайызы орто оордукта, 27 пайызы оор жана дагы 4 пайызы өтө оор абалда экендиги белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар