15:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстанда коронавирустан улам Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынды

Тажикстанда Жаңы жылдын урматына карата майрамдык иш-чаралар болбойт. COVID-19га каршы республикалык штаб мекеме-ишканаларга жаңы жылдык балатыларды, маданий-массалык, майрамдык жана башка иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды.

18-ноябрда республикалык штаб бул чечим COVID–19 илдетинин экинчи толкуну пайда болгонуна, экономикалык жана каржылык каатчылыкка байланыштуу кабыл алынганын түшүндүрдү.

Тажик бийлигинин чечимине ылайык, кишилер маданий жана эс алуу парктарында жана башка коомдук жерлерде коомдук жана жеке гигиенаны, ошондой эле аралыкты сактоо менен сейилдей алышат.

Расмий маалымат боюнча 18-ноябрга карата Тажикстанда вирус жуктуруп алган кишилердин саны 11 миңге жетти. Шаршембиде илдет дагы 42 кишиден аныкталды. Жалпысынан 86 адам көз жумду.

Тажикстанда Жаңы жылды 80 жылдан бери майрамдап келишет. 1-январь расмий түрдө эс алуу күнү катары жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар