15:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жаңы Конституциянын кыргыз жана орус тилиндеги варианттары айырмаланат

Жаңы Конституциянын кыргыз тилиндеги долбоорунда бир эле адам бир жолу беш жылга президент боло алары жазылган. Ал эми расмий тилде (орусча) эки мөөнөткө шайлана алары белгиленген.

Эске салсак, учурдагы Конституцияга ылайык, мамлекет башчы алты жылдык мөөнөткө бир эле жолу шайланууга укуктуу.

Долбоордун кыргыз тилиндеги версиясы:

57-берене

  1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 5 жылга шайланат (Президент избирается гражданами Кыргызстана на пять лет).
  2. Бир эле адам эки жолу президент болуп шайлана албайт (Один и тот же человек не может быть избран президентом два раза).

Долбоордун расмий тилдеги версиясы:

  1. Президент избирается на 5 лет гражданами Кыргызстана.
  2. Одно и то же лицо не может быть избрано президентом более двух сроков.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 80 депутаты жаңы Конституциянын долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Документ Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган. Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен катар өткөрүү сунушталууда. Долбоордо президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар