08:28
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

COVID-19. Туура дарылануу жана көп кездешүүчү суроолорго жооптор

«Covid-19 —Медиаколкабыш» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» фонду менен Capital медиа компаниясы, орус жана кыргыз тилдеринде илдетке каршы дарылануу учурунда көп кездешүүчү суроолор боюнча, билим берүүчү видеороликтерди даярдады.

Гормондорду кабыл алуу, алардын иммундук системага тийгизген таасири

COVID-19 эпидемиясы учурунда дексаметазон менен дарылоо сыяктуу гормоналдык терапия практикасы көп болгон. Кээде бейтаптар муну дарыгердин көрсөтмөсүз, өз алдынча эле колдоно башташкан. Бирок көпчүлүк учурда иммундук система инфекция менен күрөшүп, аны жеңе алат. Дексаметазонду капельница аркылуу куюу, иммундук системаны жабыркатып, натыйжада сезгенүү пайда болушу ыктымал. Бул видеодо дексаметазон менен дарылоонун ден-соолукка кандай коркунучтары бар экени айтылат.

Антибиотиктердин организмге, иммундук системага тийгизген таасири

Кыргызстандыктар антибиотиктерге жеңил көз карашта карайт. Аларды көбүнчө өздөрү дайындап алышат. Бирок, бул сиздин ден-соолугуңузга олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Бул видеодо биз сизге эмне үчүн антибиотиктерди өз алдынча колдонууга болбой турганын айтып беребиз.

Бат-бат капельница алуу ден-соолукка канчалык зыян?

Капельница — бул кыргызстанда дээрлик бардык ооруларды дарылоодо колдонулат. Бирок, дарыны кан тамыр аркылуу куюу, адам өз алдынча дары иче албай калганда, организмдин азыктануусу үчүн гана колдонулат . Мындан тышкары, тез-тез капельница алуу кан тамырларды бузат.

Антикоагулянттардын иммундук системага тийгизген таасири

Гепарин жана клександы — социалдык тармактын колдонуучулары коронавируска каршы препарат катары издешкен дары. Айта кетсек, дары COVID-19 айыктырбайт! Бул видеодо биз гепарин менен клександын эмне үчүн колдонулаарын жана аны өзүңүз билип колдоно берүү болбой турганын айтып беребиз.

Эң көп окулган жаңылыктар