13:54
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Эльвира Сурабалдиева коомчулук менен ачык баарлашууга даярдыгын билдирди

Вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева жарандык активистер менен COVID-19 шартында мамлекеттик органдардын калктын аяр катмарынын абалына натыйжалуу жооп кайтаруу чараларынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жолдорун талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Иш-чарага жарандык коомдун 50 ашуун өкүлү катышып, алардын катарында социалдык багыттагы уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү болду.

Кеңешменин жүрүшүндө жашы улгайгандардын, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын, онкологиялык илдетке кабылган балдардын жана аялдардын, ВИЧ жана кургак учукка кабылган жарандардын укугуна тийиштүү маселелер, ошондой эле балдар үйүндө жана интернаттарда жашаган балдардын абалы, укугунан жана эркинен ажыратылган адамдардын укугуна тийиштүү көйгөйлөр талкууланды. Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө зомбулукка жана катаал мамилеге кабылган аялдардын укугу боюнча уюмдун өкүлдөрү сөз сүйлөдү.

Эльвира Сурабалдиева жарандык коомдун мамлекеттик органдар менен өз-ара аракеттешүүсүнүн көйгөйлөрү тууралуу биринчи булактардан угуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Пандемия учурунда мамлекеттин колу жана каражаты жетпеген жерде калк көбүнесе жардамды жарандык коомдон алып жатты. Эгерде түшүнбөстүктөр жарала турган болсо, аларды ачык-айкын талкуу аркылуу чечели. Башкысы, негизги орунда жарандарыбыз турушу керек. Ал эми биз өз тарабыбыздан ал үчүн колдон келген күч-аракетибизди жумшайбыз. Мунун бардыгы тыкыр көзөмөлгө алынат. Биз ачыктыкка карай багыт алабыз. Өкмөт тарабынан сунуштар эки жумадан кийин, 20-ноябрга карата даяр болот. Ал убакытка чейин дагы жолугушуулар болот. Биз ачык баарлашууга даярбыз», — деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби