14:27
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

COVID-19. Вирус жугузган 109 бейтап өтө оор абалда жатат

Коронавируска чалдыккан 3 миң 367 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, алардын 1,6 пайызы, же 56 адамдын абалы жеңил. 67 пайызы, же 2 миң 265 адам орто оордукта, 27, 8 пайызы, де 937 бейтап оор абалда, дагы 109 адам өтө оор абалда.

3 миң 889 бейтап үйдөн дарыланууда.

Белгилей кетсек, март айынан бери 60 миң 279 киши вируска чалдыгып, анын 1 миң 159у көз жумду.

 
Эң көп окулган жаңылыктар