14:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кавасаки синдрому. COVID-19дун баланын саламаттыгына таасири

Коронавирус жаңы башталганда анын балдардын саламаттыгына таасири минималдуу экендиги айтылган. Бир нече айдан кийин ата-энелерди коркуткан маалыматтар пайда болду. Алгач Европа мамлекеттеринде коронавирус жугузган балдардан Кавасаки синдрому дагы аныктала баштады.

Кыргызстанда Кавасаки синдрому каттала элек. Бирок, коронавирусту дарылоо протоколуна аталган илдетке каршы чаралар киргизилди.

Бул кандай оору жана балдардын саламаттыгына таасири тууралуу медицина илимдеринин доктору Венера Шүкүрова 24.kg агенттигине айтып берди.

— Кавасаки синдрому эмнеге балдардын гана оорусу болуп саналат?

— Белгилей кетсем, азыр коронавирустан кийин балдарда пайда болгон илдет ал толук Кавасаки синдрому эмес.

Синдром Кавасаки — сейрек кездешүүчү оору, ал 1967-жылы биринчи жолу аныкталып, япон дарыгеринин атына коюлган. Бул илдетте кан тамырларына суук өтүп, денеге бүдүр чыгып, тамак бездери шишип кетет. Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар ооруга чалдыгат.

COVID-19 жеңил жана оор болуп бөлүнөт. Баланын саламаттыгында кандайдыр бир көйгөйлөр болуп, кошумча дарттары болсо оор түрүнө кабылышы мүмкүн. Сейрек учурда гана вирус Кавасаки синдромун козгошу ыктымал. Адатта COVID-19дан айыккандан кийин бир нече жумадан кийин гана илдет башталат. Андыктан баланын ден соолугуна этият болуу абзел.

Коронавирустан кийинки оорлошу боюнча маалыматтар март айында пайда болду. Европа жана Америкада мультисистемалык суукту тийүү синдрому аныктала баштады. Анын белгилери Кавасаки синдромуна окшош, бирок, айырмачылыктар дагы бар. Алардын бири — ооруган чалдыккан балдардын жаш курагы чектелген эмес.

Негизи коронавирустун балдардын организмине таасири толук иликтене элек. Бирок, азырынча Кыргызстанда Кавасаки, же мультисистемалык суукту тийүү синдрому дагы каттала элек.

— Жогоруда аталган оорулардын кандай белгилери бар?

— Биринчи белги — 5 күн бою безгек, же чыйрыгуу. Андан сырткары, денеге бүдүр чыгышы ыктымал. Аны менен бирге лимфа тамырлар шишийт.

— Бул ооруларды дарылап айыктырса болобу? Кандай учурда өлүмгө алып келет?

— Өзгөчө көңүл бөлүп, тынымсыз дарылоону талап кылат. Башталышында дарт аныкталган болсо, анда тез айыктырууга жол ачылат. Бирок, организм үчүн кесепети оор болушу ыктымал, мисалы, инфаркт, жүрөктүн ишемический илдеттерине алып келет.

Мультисистемалык суукту тийүү ашыкча салмактагы балдар үчүн оор. Алардын оорусу брохнит менен коштолуп өтөт.

— Кайсы курактагы балдар көбүнчө бул ооруга чалдыгат?

— Мультисистемалык суукту тийүүнүн көп жагдайлары белгисиз. Ага көбүнчө 7 жаштан өйдөнкү балдар кабылат. Ар бир учурду дыкат иликтөө жүргүзүш керек. Кавасаки синдрому кичинекей курактагы, 5 жашка чейинки балдардын оорусу.

— Ата-энелер балдарынын мындай илдетке кабылганын кантип аныктай алат?

— Чыйрыгып, калтырап, терисин бүдүр басып, көзү ооруп турса — дарыгерге кайрылуу керек. Мультисистемалык суукту тийүүдө ичеги-ашказан органдарында көйгөй жаралып, ичи өтүп, оору пайда болот.

Кавасаки синдромун аныктоо үчүн комплекстүү иликтөө, дарт аныктоо жүргүзүлөт.

Кавасакиге шектелген бала дароо ооруканага жаткырылып, аны дарыгерлердин тобу карашы керек. Ал топко кардиолог, инфекционист, ревматолог жана нефралог кирет.

Венера Шүкүрова

Эң көп окулган жаңылыктар