Саламаттыкты сактоо министрлиги 2-чейректи дагы онлайн улантууну сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, коронавирустун саны өсүп бара жаткандыктан мектептердеги билимди онлайн окутууну улантуу керек.
«Азыр экинчи толкун күч алып жатат. Күн сайын 500дөн жаңы учур катталууда. Биз жайдагы кырдаалды кайталабаш аракетин көрүп жатабыз. Мектепте 2-чейректи дагы онлайн улантуу сунушталды. Маселени штаб карап чыгат», — деди министр.