08:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Садыр Жапаров: Баардык шайлоолор март айына чейин өтөт

Кыргызстандагы парламенттик жана президенттик шайлоолор март айына чейин өтөт. Бул тууралуу премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал жасалып жаткан иштеринин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатканын белгилейт.

Белгилей кетсек, өкмөт башчысынын аккаунттарына жарыяланган текст ститистикалык жана грамматикалык каталар менен жазылган.

«Элдин 30 жылдан ишке ашпай келген талаптары сөзсүз аткарылат. Эгер азыркыдай бут тосууларга болбосо, баш мыйзамга элдин калоосуна жараша өзгөртүү киргизилет. Президенттик жана парламенттик шайлоолор мартка чейин өтөт. Азыркы Жогорку Кеңеш июнга чейин иштебейт. Кечээ кабыл алынган мыйзам долбоордо  реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. 30 жылдан бери тили гана сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, бир да алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар