17:04
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Иликтөө. Райым Матраимовдун бажыканада иштеген туугандарынын тизмеси

Factcheck.kg сайты Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматында иштеген туугандары жана жакындарынын тизмесин жарыялады, ага 30га жакын адам кирди.

«Булардын жарымы бажыканага 2017-жылдын декабрь айына чейин орношкон. Эске салсак, ошол мезгилде Райымбек Матраимов МБКнын төрага орун басары болуп турган. Тизмеде мурдагы аткаминердин жакын туугандары, жана Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык EREM спорттук клубунун мүчөлөрү да бар», — деп жазылат маалыматта.

Ал тизмеге төмөнкүлөр кирди:

Нурсеит Сыдыков — Райымбек Матраимовдун бир тууган жээни. Борбордук бажыкананын аткезчилик менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкери;

Нурсултан Турсунбаев — Райымбек Матраимовдун бир тууган жээни. Түштүк-батыш бажыканасынын инспектору;

Азизбек Токонов — Райымбек Матраимовдун бир тууган жээнинин жолдошу. Майор, Ош бажыканасынын процедура борборунун жетекчиси;

Таалайбек Токторов — Райымбек Матраимовдун тай жездеси. Түштүк-батыш бажыканасынын инспектору;

Таалайбек Токторовдун эки тууганы Эркин менен Байсал да инспектор болуп иштешет;

Искендер Тургунов — Райымбек Матраимовдун жубайынын бир тууган агасы. «Түндүк» темир жол бажыканасынын жетекчи орун басары;

Асанбек Мурзакасымов — Жогорку Кеңеш депутаты Искендер Матраимовдун күйөө баласы. «Кант» бажыканасынын инспектору;

Алмаз Арзиев — Искендер Матраимовдун кудасы. Бажы кызматынын процедура бөлүмүн жетектечү, азыр пенсияга чыккан;

Руслан Романов — Искендер Матраимовдун жубайынын бир тууганы. «Карамык» пунктунун инспектору;

Запарбек (Зафар) Айдаров — Тилек Матраимовдун кудасы. «Бишкек» бажыканасынын улук инспектору;

Эркинбек Айдаров — Запарбек Айдаровдун бир тууганы. Кара-Суудагы темир жол бажыканасынын инспектору;

Эламан Жунусов — Райымбек Матраимовдун өкүл баласы, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусовдун уулу. «Манас» бажыканасынын улук инспектору;

Данияр Абдыраимов — EREM футбол клубунун башкы машыктыруучусу. Түштүк-батыш бажыканасынын инспектору;

Адилет Култаев — EREM футбол клубунун оюнчусу. Түштүк-батыш бажыканасынын бөлумүнүн жетекчи орун басары;

Эламан Аринов — EREM футбол клубунун оюнчусу. Түштүк-батыш бажыканасынын инспектору;

Нуртилек Жайлобаев — EREM футбол клубунун оюнчусу. Ыкчам бажыканасынын аткезчилер менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери;

Жамалидин Мусаев — курама команданын жана EREM волейбол командасынын оюнчусу. Борбордук бажыкананын кызматкери;

Асан Сатыбалдиев — EREM волейбол командасынын оюнчусу. Борбордук бажыкананын кызматкери.

2019-жылы сынактын жыйынтыгы боюнча МБКга орношкондордун тизмеси:

Токтоболот Тилекбеков — Тилек Матраимовдун уулу. 2020-жылы бажыканага келген, алгачкы маалымат боюнча «Маданият» постунун инспектору;

Айжан Нурмаматова —Исламбек Матраимовдун жубайынын сиңдиси. МБКнын камсыздоо бөлүмүңдө иштейт;

Бектур Медеров —Райымбек Матраимовдун тай жездеси. «Манас» бажыканасынын инспектору;

Семетей Анарбаев — Финчагындоонун жетекчиси Гүламжан Анарбаевдин, Матраимовдордун кудасынын уулу. Азырынча ал бажыкананын кадрлар резервинде;

Кумар Жалиев — кикбоксер жана Райымбек Матраимовдун жан сакчысы. Жакындан бери бажыканада иштейт;

Нургазы Жорошев — аткезчилер менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери. 2019-жылдын сентябрь айында «Азаттыктын» операторуна кол салууга катышкан. Ошондо журналистке бир нече адам кол салып, камера, телефон жана башка буюмдарын тартып алышкан. Жорошев кол салууга шектүүлөрдүн арасында катталган;

Илимбек Аттокуров — дзюдо боюнча EREM клубунун машыктыруучусу. Кадрлар резервинде;

Эламан Дуулатов — Финполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таировдун уулу. Таировдун бир тууганы Искендер АКА Petroleum компаниясынын бизнес-өнөгү, аны Райымбек Матраимов менен чогу бизнес алып барган Хабибула Абдукадыр менен байланыштырышат;

Хан-Бото Борбиев — ырчы Бек Борбиев, Райымбек Матраимовдун жакын курбусунун уулу. «Манас» бажыканасынын инспектору;

Алихан төрө Марифов —Матраимовдордун кудасынын уулу. Түштүк-батыш бажыканасынын инспектору.

Иликтөөчүлөрдүн айтымында, бул тизме туу чокунун көрүнгөн гана жагы. «Өз» адамдарын кызматка орноштуруу масштабы мындан да зор болушу мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар