Өткөн суткада 547 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Эң көп учур Бишкек шаарында (123) жана Баткен облусунда (90) кишиден вирус аныкталды.
Ош шаарында - 52, Чүй облусунда – 76, Ош облусунда - 85, Талас облусунда - 15, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусу – 23, Жалал-Абад облусунда – 79.
Март айынан бери 54 миң 6 киши коронавирус жуктурду.