16:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын иши улантат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка караганда, АКС боюнча жаңы жарлык чыгып, анын ишин улантуу тапшырылды.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков өз буйругу менен 14-октябрда АКСти жоюп кеткен.

«2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгынын колдонулушу токтотулсун жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды", — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар