15:27
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Бишкек мэриясы күндүзгү стационарларын даярдоодо. Даректери

Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарларды ачууга даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Төмөндө стацонарлардын даректери:

Ленин району:

№ 96 мектеп («Ак-Ордо» жаңы конушу) 30 орундук;

№ 95 мектеп («Жал» кичи району) 50 орундук.

Биринчи май району:

№ 81 мектеп («Ак-Босого» жаңы конушу, профессор Зима көчөсү, 262) 40 орундук;

№ 69 мектеп (Айни көчөсү, 13) 120 орундук.

Октябрь району:

№ 39 мектеп (кичи район № 6-4/1) 50 орун;

№ 63 (кичи район № 11-9/1) 40 орун.

Свердлов району:

№ 4 мектеп (Атай Огомбаев көчөсү, 207) — 50 орундук;

№ 65 лицей — 60 орундук.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, кычкылтек концентраттары жетиштүү санда, муктаждыкка жараша дагы жеткирилип турат. Стационарларда дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын камы көрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар