04:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өкмөттө бир катар кадрдык дайындоолор болду

Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында премьер-министр Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров бир катар буйрукка кол койду:

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович (1969-жылы туулган) өкмөттүн аппарат жетекчиси — министри милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

— Ниязбеков Уланбек Омоканович (1975-жылы туулган) Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

— Абдылдаев Сагынбек Токонович (1969-жылы туулган) өкмөткө караштуу Экономикалк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды (финансы полициясы);

— Эгембердиев Аскат Раимжанович (1968-жылы туулган) өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды;

— Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар