Ош шаардык шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кызматтан бошотулду.
Шаардык кеңеште мэр Таалайбек Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө чечимин жыйынга катышкан 31 депутат бир добуштан кабыл алды. Мэрдин милдетин аткаруу кызматын биринчи вице-мэр Саибжан Турдуевге жүктөлдү.
Учурда шаар кеңешинин чечими боюнча токтом жазылууда. Токтом өкмөткө жиберилет.