08:53
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргыз режиссеру Данияр Абировдун «Оттор» тасмасын Амстердамда көрсөтүшөт

Кыргыз режиссеру Данияр Абировдун кыска метраждуу «Оттор» аттуу тасмасын Амстердамда көрсөтүшөт. Бул тууралуу «Кыргызфильм» сайтында маалымдалган.

Билдирүүгө ылайык, 7-8-октябрда Нидерландда Cinekid балдар фестивалы онлайн өтмөкчү. Кыргызстан бул иш-чарага «Оттор» аттуу кыска метраждуу тасмасын катыштырмакчы. Башкы ролдорду Бактыбек Орозбеков, Элхан Орозбеков жана Нурали Жанышев ойноп чыгышты.

«Жаңы жылдык түн — лапылдап жааган кар жана жарылып жаткан фейерверктердин добушу. Бирок кар да, салют да жок болсо тышка чыккың келбейт экен», — деп жазылат тасманын сүрөттөлүшүндө.

Тасма биринчи жолу былтыр, ноябрь айында Бишкекте өткөн «Үмүт» форумунда көрсөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар