00:09
USD 87.00
EUR 90.58
RUB 0.83

Өзбекстанда сентябрда азык-түлүк баасы 1,4% кымбаттады

Өзбекстанда сентябрь айында күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы жана тарифтер орточо 1,4% кымбаттады. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, былтыр сентябрда баа орто эсеп менен 1,3% өскөн.

2020-жылы январь-сентябрь айларында керектөө рыногунда баа жана тарифтер орточо 6,3% кымбаттаган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 9,7% жогору.

Өзбекстандын Монополияга каршы комитети сентябрдын аягында айрым азык-түлүктөрдүн баасы кескин жогорулап кеткенин билдирди.

Маселен, суу май 30%, кумшекер 15%, жумуртка 30% кымбаттаган.

Быйыл тогуз ай ичинде өлкөгө 177 миң тонна суу май импорттолгон, бул былтыркыга салыштырмалуу 13% көп.

Эң көп окулган жаңылыктар