05:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кубатбек Боронов мектептерге жылуулукту эртерээк берүүгө чакырды

Окуу башталгыча дагы бир чоң маселе — кышка даярдык көйгөйү турат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү брифингде айтты.

Анын сөзү боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды кышка карата жылытуу маселелерин азыртадан баштап толук камсыздоо боюнча катуу тапшырмалар берилди.

«Суук түшкүчө балдарды муздак мектептен оорутуп албаш үчүн эртелеп от жагып, жылытууга туура келет, азыртадан терезелерди жылуулоо иштерин жүргүзүү зарыл», — деди ал.

Анын айтымында эгерде мектеп имараты муздак болсо, ал жерде окууну баштабай турганы оң. Ошондуктан ар бир аймактын — облустун жетекчилери бул жагын карап, кайсы мектептерде окууну баштоого уруксат берет, аны өздөрү чечиши зарыл. Мектептер жылуулук менен толук камсыз болушу тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар