14:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Кыргызстанда 1 миң 254 бала вируска чалдыкты

Кыргызстанда март айынан бери 1 миң 254 бала вируска чалдыкты. Бул тууралуу брифингде медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нүргүл Ибраева билдирди.

Анын айтымында, бир жашка чейинки курактагы 123 наристе, 1-6 жаштагы — 434, 6-14 — жаштагы 697 баладан коронавирус аныкталды.

«Өткөн жылы 1 миң 568 бала пневмония менен ооруса, быйыл эки эсе аз бала бул илдетке чалдыкты», — дейт Нүргүл Ибраева.

Балдарды коронавирустан дарылоо үчүн беш мекеме даярдалды: Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, № 3 шаардык балдар ооруканасы, Ош облустук балдар ооруканасы, Кара-Суу райондук балдар ооруканасы, Республикалык инфекциялык ооруканасы.

Балдар үчүн 2 миң 356 орун даяр.

Эң көп окулган жаңылыктар