02:14
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Өкмөт аймактарда санитардык талаптарды күчөтүүнү тапшырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын чукул жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланып, премьер-министр айрым аймактарда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары сакталбай жатканына байланыштуу өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ИИМдин ишин сынга алды. 

«Баткен, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарындагы жарандардын арасында коронавирус инфекциясы көп катталып жатат. Бул аймактарда COVID-19 менен ооруп жаткандардын жана өпкөсү сезгенгендердин көрсөткүчү жогору. Социалдык түйүндөрдө саясий партиялардын эл менен жолугушуулары боюнча сүрөт жана видеолор көп чыгууда. Анда бет кап тагынуу режими жана социалдык аралык сакталбай эле. Той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынганына карабай, кафе-ресторандарда массалык иш-чаралар өтүүдө. Бул боюнча жергиликтүү бийлик жана Ички иштер министрлиги чара көрбөй жатат. Рейддер жетиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн жок. Массалык түрдө эл чогулган жер оорунун очогу болууда. Жетекчилер, азыр жайбаракат жүрө турган учур эмес. Облус жетекчилери жана акимдер, өз аймагыңардагы эпидемиологиялык абалга жооптусуңар. Ошондуктан санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын күчөтүүнү катуу көзөмөлгө алуу керек», - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле премьер-министр оор жана өтө оор абалдагы бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.

«Биздин негизги максат – мекендештердин өмүрүн сактоо. Оор жана өтө оор абалдагы бейтаптардын жагдайын жакшыртуу үчүн, ар бирине индивидуалдуу түрдө мамиле кылуу керек. Зарыл болсо дарыгерлердин консилиумуна кайрылуу шарт. Бейтаптын өмүрүн сактап калуу Саламаттык сактоо министрлигинин облустардагы координаторлорунун жана оорукананын башкы дарыгеринин натыйжалуу ишине көз каранды», - деди өкмөт башчы. 

Эң көп окулган жаңылыктар