07:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

БУУ башчысы: COVID-19 пандемиясы көзөмөлдөн чыкты

Коронавирус пандемиясы көзөмөлдөн чыкканын БУУ башчысы Антониу Гутерриш мойнуна алды.⠀

«Пандемия эл аралык кызматташуунун эффективдүүлүгүн сынады, биз ал сыноодон өтпөй калдык. Глобалдык масштабда алганда 1 миллионго жакын адам көз жумуп, 30 миллиондон ашууну вирус жугузуп алды. Илдет көзөмөлдөн чыкты. Мунун баары дүйнө кызматташууга, ынтымакка жана бирдиктүүлүккө даяр эместигинен улам болду», — деди Бириккен Улуттар Уюмунун башчысы Антониу Гутерриш уюмдун Генералдык ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында өткөн БУУнун Коопсуздук кеңешинин жолугушуусунда.

Ал дүйнө коомчулугун пандемияга каршы күрөшүүдө биригүүгө чакырды. «Башка айлабыз жок. Же алдыга койгон максаттарга туура келген глобалдык институтка биригебиз, же бөлүнүп-жарылып, башаламандыкка бөлөнөбүз», — деди Антониу Гутерриш.

Эң көп окулган жаңылыктар