18:28
USD 80.63
EUR 95.45
RUB 1.05

COVID-19. Бир сутка ичинде 175 адамдан вирус аныкталды

Өлкө боюнча бир сутка ичинде 175 адамдан вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, Ош облусунда жугузгандардын саны эң көп катталды (55). Баткенде -41,   Жалал-Абад облусунда - 22,  Ош шаарында -22, Бишкек шаарында - 18,  Чүй облусунда – 5, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда– 3, Ысык-Көл облусунда – 7.

Март айынан бери коронавирусту 45 миң 932 киши жугузуп, 1 миң 63 киши каза тапты.

Эң көп окулган жаңылыктар