08:49
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Баткен облусунда сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат

Баткен облусунда да сасык тумоого каршы, акысыз эмдөө жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облусдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Эмдөө биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу тобокел тобуна кирген, көп ооруган 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга жана медицина кызматкерлерине жасалууда.

Облуста жалпы 9000 адам эмдөөдөн өтөт.

Дарыгерлер сасык тумоого каршы эмдөө, күз кыш айларында өтүүчү сасык тумоонун курч түрлөрүнөн сактайт жана оору жуккан учурда да ал жеңил өтөөрүн белгилешет.

Эң көп окулган жаңылыктар