Кыргызстанга акча которуулар 9,3 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында акча которуулардын көлөмү 1225,3 млн долларды түздү. Ал 2019-жылга салыштырмалуу 9,3%га төмөн.
Алыбаев акча которуулардын кыскарышына жарандардын мекенине кайтышы жана иштеген өлкөлөрүндө ишканалардын жабылышы себеп болгонун айтат.
«Инфляцияга токтоло турган болсом 8 айдын ичинде инфляция 5,6 пайызды түздү. Ал эми валюталык рынокто акыбал туруктуу.», — дейт ал.