11:06
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кубан Кундашев: COVID-19 күзүндө-кышында күч алса кесепети оор болот

Учурда өлкөдө кафе-ресторандар тынбай аш-тойлорду өткөрүп, коомдук транспорт эч бир чектөөсүз иштеп жатат. Көпчүлүк жай айларындагы эпидемиологиялык кырдаалды унутуп, бет кап тагынбай, ээн-эркин жүрүп калды.

Ала арада дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде коңшу Өзбекстанда дагы коронавирустун экинчи толкуну күч алганы байкалууда. Кыргызстанда дагы бул аптада бир суткада вирус жугузгандардын саны 40дан 100гө чейин көтөрүлдү.

Медиктер вирустун экинчи толкуну оор болорун эскертишүүдө. Бул боюнча 24.kg агенттиги Бишкек шаарындагы мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Кубан Кундашев менен сүйлөштүк.

— Европа жана башка өлкөлөрдү коронавирустун экинчи толкуну башталды. Ал Кыргызстанга качан жетет?

— Эки айдын ичинде Кыргызстанда дагы пандемиянын экинчи толкуну башталышы ыктымал. Негизи күз айларында иммунитет түшүп, башка вирустук оорулар дагы күчөйт. COVID-19 кайра эле чет өлкөдөн келиши ыктымал. Мисалы, Өзбекстанда экинчи жолу катуу башталды. Күнүнө 100дөгөн жаңы учурлар катталууда. Казакстанда кырдаал бир аз болсо дагы көзөмөлдө.

Эгер чек араны толук ачып, авиакаттамдар жанданса, вирус келип, жаңы толкуну күчөйт.

Кубан Кундашев

— Экинчи толкун жайкы кырдаалга караганда жеңил болобу?

— Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Анткени, кышка жакын ансыз деле көп вирустук инфекциялар күч алат, сезондук грипп башталат. Күн суутканда илдеттер бири-бирине аралашып күчөп, COVID-19 дагы кошулушу мүмкүн. Бул менингиттин өрчүшүнө алып келет. Кырдаал кайра оор болушу күтүлөт.

— COVID-19 ооруган адам кайра дагы ооруйбу? Бишкекте мындай учур катталдыбы?

— Азыр андай учурлар жок. Бирок, кошуна мамлекеттерде кайра ооруп калгандар болгондуктан биз вирус экинчи жолу жукпайт деп айта албайбыз.

— COVID-19 организмге кандай зыян алып келиши мүмкүн?

— COVID-19 ар бир адамга ар кандай таасир берет. Вирус өнөкөт ооруларды козгойт. Айрыкча жүрөк оорусу күч адамдарга кыйынчылык туулат. Вирус менен ооруп айыккан адамдарда эс-тутуму начарлаган учурлар кездешет. Айрымдарды тамырларында кан уюлуп калгандар дагы кездешти.

— Эпидемиологдордун COVID-19 экинчи толкунуна даярдыгы кандай?

— Учурда өлкөдө экинчи толкунга даярдык көрүлүүдө. Атайын окуулар өтүп жатат. Бишкекте биз 10 жаш адисти даярдап, ишке алдык. Коронавирустун биринчи толкунун санитарлар төшү менен тосту. Биз январь айынан бери тынымсыз иштеп жатабыз.

Эпидемиологиялык кырдаал пандемиянын баштапкы убагына караганда тезирек иликтенүүдө. Анда билим, тажрыйба жана тест-систем жетишсиз болчу.

Сентябрь айында күнүндө Бишкекте кеминде 8 кишиден вирус такталып жатат. Ордо калаада март айынан бери 7 миң 576 киши вируска чалдыкты.

— Вирус боюнча айтылган маалыматтарга ишенсек болобу? Бизде жүргүзүлгөн анализдер эл аралык талаптарга жооп береби?

— ПЦР тесттер баардык талапка жооп берип, 95 пайыз так маалымат берет. Антителланы аныктоону жеке лабораториялар жүргүзүп жатат.

— COVID-19дун экинчи толкунун болдурбай коюу мүмкүнчүлүгү барбы?

— Бул ар бир жарандын жеке жоопкерчилигине байланыштуу. Эгер санитардык талаптар так аткарылса, массалык жугузуу болбойт. Азыр бир эле транспортто 30-40 киши чогуу олтурууда.

Санитардык кызматкерлер күн сайын азыр кафе-ресторандарга рейд жүргүзүүдө. Эреже бузуу боюнча 1 миң 692 протокол түзүлүп, 3 миллион 185 миң 500 сомго айып салынды.

Айыптарга карабай коомдук тамактануучу жайлар кайра эле санитардык нормаларды бузуп ишин улантууда. Аларга 3 миң сом жеңил экен. Бизде жоопко тарта турган ыйгарым укук жок.

Эгер талаптар аткарылбаса, андай массалык жугузуудан качуу жана вирустун жайылышын токтотуу үчүн карантиндик чаралар күчөтүлүшү керек. Болбосо, мен жогоруда айтып кеткендей экинчи толкун оор болушу ыктымал.

Эң көп окулган жаңылыктар