21:59
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. Дагы 6 медицина кызматкери вирус жуктурду

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министлиги билдирет.

Бишкек шаарында −2, Ош шаарында −3 жана Ош облусунда иштеген бир медиктен вирус аныкталды.

Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 17 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3214 учур катталды, алардын ичинен 2896 медкызматкер айыгып чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар