07:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аравандагы мушташ. Боршайком азырынча бул окуяны караштырбайт

Ош облусунун Араван районундагы эки партиянын талапкерлери жана тарапкерлери ортосунда болгон мушташты Боршайком караштырып, иликтебейт.

БШК мүчөсү Гулнара Журабаеванын айтымында, бул факты Кылмыш жана жоруктар реестринде катталып, тергөө жүрүп жаткандыктан, Боршайком иликтөөгө кийлигишүүгө укугу жок.

«Ойго сыйбас окуя болду, бирок мушташууну кайсы бир партия атайын баштады дештен алыспыз. Укук коргоо органдары анын себебин иликтеп чыгат. Тергөө жыйынтыгы боюнча бул окуяда талапкерлер күнөөлүү деп аныкталса, БШК чара көрүп, алардын каттоосун жокко чыгаруу чечимин кабыл алып, саясий уюмга эскертүү берет», — деди Гулнара Журабаева.

Эскерте кетсек, кечээ Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Ильхом Маннанов шайлоочулар менен жолугушуу уюштуруп жаткан кезде мушташ чыккан. Ага катышкан айрым кишилер «Биримдик» партиясынын кепкаларын кийип алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар