08:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аравандагы мушташ. Эки партиянын депутаттыкка талапкерлери милицияга чакырылды

Ош облусунун Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоочулар менен жолугушуу учурунда чыккан мушташтан кийин депутатыкка талапкер Ильхом Маннанов суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Араванда «Биримдик» партиясынын талапкери Шукурулло Файзуллаев жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү Ильхом Маннанов экөөнүн тарапташтары чатакташкан.

«30дай адам суракка чакырылды. Алардын арасында эки талапкер дагы бар. 12 адам ооруканага кайрылды. Үчөө камакка алынды», — деп билдирди жергиликтүү милиция.

Эң көп окулган жаңылыктар