17:17
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Баткенде той өткөргөн ресторанга иш козголду

Баткенде той өткөргөн милиция кызматкерине жана тойкана ээсине мыйзам чегинде чара көрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облустук штаб тарабынан коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалы жана кафе, ресторандарда, атайын эс алуучу жайларда, үйдө той өткөргөндөрдү аныктоо боюнча көзөмөл күчөтүлдү.

«Күн сайын жергиликтүү бийлик, санэпид көзөмөлдөө борбору жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү атайын рейддерди уюштуруп, талаптарды аткарбагандарга белгилеген тартипте чара көрүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин тойканада той өткөргөн милиция кызматкери боюнча ички иликтөө иштери жүрүп, ага тартиптик жаза берилди. Ал эми той өткөргөн тойкана ээсине Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 30 миң сом пул салынды.

Ал эми санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн Бузуулар жөнүндө Кодексинин 293-беренесине ылайык, 22 адамга 66 миң сом айып пул салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби