05:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек — Баткен — Бишкек аба каттамы жанданды

Бүгүн, 15-сентябрдан тарта Бишкек — Баткен — Бишкек багыты боюнча аба каттамдар кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгачкы каттамда Бишкектен Баткенге 94 жаран учуп келсе, Баткенден борборго 86 жаран учуп кетти.

Учурда Баткен — Бишкек аба каттамы боюнча билеттер 3 миң 500 сомдон 4 миң 200 сомго чейин сатылып жатат. Каттамдар жумасына бир жолу — шейшемби күнү, «Тез Жет» авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар