Кыргызстан менен Өзбекстандын авиация тармагындагы келишимге ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдар жандандырмакчы. Бул тууралуу республикалык штаб билдирет.
14-сентябрдан баштап Ташкент — Бишкек — Ташкент багыты боюнча дүйшөмбү күндөрү каттамдарды жандандыруу боюнча иш алып барылууда.
Авиакомпаниялар ушул багыттар боюнча билеттерди сата баштады.