08:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кызыл-Кыяда өзбек жаранынын өлүмүнө шектүү адам кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 36 жаштагы адамдын өлүмүнө шектүү 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарындагы көчөлөрдүн биринде 3-сентябрь күнү жашы 35-40 чамасындагы, кебетеси азиялык болгон жаран денесинен оор жараат алып, Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканасына жеткирилген. Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү ишинде жабырлануучу 36 жаштагы Өзбек Республикасынын жараны экени аныкталган. Ал 3-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарында мас абалда башынан оор жараат алып жерде жаткан. Аны жолдо өтүп бара жаткан жарандар Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Жабырлануучу алган жараатынан улам 4-сентябрга караган түнү каза болгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 30 жаштагы М.Н. аттуу тургунду Кызыл-Кыя шаарындагы үйүндө жашынып жаткан жеринен кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар