17:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. 5 миңге жакын ишкер 3,2 млрд сом жеңилдетилген насыя алды

Пандемия мезгилинде ишкерлерди колдоо үчүн ишке ашырылып жаткан программанын алкагында 5 миңге жакын ишкер 3,2 миллиард сом жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Жеңилдетилген насыя программасы үч ай мурда башталып, ага жалпы 4,5 млрд сом бөлүнгөн.

«Ал каражаттын 2 миллиард сому банктарга Улуттук банк тарабынан кредиттик аукцион аркылуу берилсе, ички жана тышкы булактардын эсебинен 2,5 миллиард сом Каржы министрлииги аркылуу берилүүдө. Бүгүнкү күнү 5 миңге жакын ишкер 3,2 млрд сом жеңилдетилген насыя алып, иштетип жатат», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар