10:24
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кылыч Исамамбетов: Алдыбызда азыраак уктап, көбүрөөк иштей турган күндөр турат

— Саламатсызбы Кылыч мырза. Алдыда чоң саясий маарага аттанып жатасыз, сиздин пландарыңыз өзгөргөндөй болуп кетти. Чечимдердин өзгөрүлүшүнө өзүңүз себеп болдуңузбу?

— «Бирик» партиясы алдыдагы шайлоого өз алдынча катышууга ниеттенген. Бирок бардык оң жана терс тараптарын салмактап чыгып, башка партия менен альянста шайлоого баруусу туура болот деген бирдиктүү чечимге келген. «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин биз Жогорку Кеңештин шайлоосуна «Мекеним Кыргызстан» партиясынын туусунун алдында баралы деген чечим кабыл алдык.

— «Биз — чоң окуялардын жана майда кишилердин доорунда жашап жатабыз», — дегендей кылдыңыз, кандайча?

— Ооба, биз — чоң окуялардын жана майда кишилердин доорунда жашап жатабыз. Дүйнөдөгү элдерден айырмалап турган жалгыз нерсебиз — КЫРГЫЗ экендигибиз. Кыргыз экендигибиздин далилдөөчүсү эң башкысы тил, анан каада-салттарыбыз. Байыркы улуу элдин урпагы катары мен эмнеден уялам? Туш тараптан агылып кирген түркүн агымдар, чоочун идеологиялар кичинекей бейиштей жерибизди, анын ичинде жашаган улуу элибизди каалашынча пайдаланып, кул мүнөз кылып, элдик уулдарды бири-бирине тукуруп жатканына уялам. Кыргызда «кечээкиге караганда жакшымын» деген жакшы сөз бар. Биз өзүбүздү өзүбүз сооротуп отуруп эгемендүүлүк алган 30 жылды өткөрдүк.

— «Азия арстандары» аталып келген Азия мамлекеттерге көзөмөл салып, тажрыйба алып келдиңиз. Биз менен айрымачылыгы кандай экен же алар менен бизди «кыялкеч» кыргыздар менен салыштырса болобу?

— Мен дагы, индустриалдашкан жана азыркы учурда «Азия арстандары» аталып келген Азия мамлекеттеринин тажырыйбалары тууралуу көп окуп, көрүп жана изилдеп келдим. Гонконг, Сингапур, Түштүк Корея, Тайвань өз жолунун башында биздеги сыяктуу эле көрүнүштөргө кириптер болуп турушкан. Бирок алар алдыга чыга алышты. Биз болсо бир орунда айланчыктап жүрөбүз.

Биз абдан көп кыялданабыз, бирок аракетибиз чабал. Уктап турсак эле өлкөбүз Сингапур болуп калбайт. Алдыбызда азыраак уктап, көбүрөөк иштей турган күндөр турат.

Кылыч Исамамбетов.

Эгерде өлкө ичинде кимдир бирөө кыйналып жашап жатса, анда калганыбыз кантип жакшы жашап жатабыз деп айта алабыз.

— Негизи Кыргызстанда мыйзамдардан баш айланып, тактыктын таразы сынып калгандай. Дегеле мыйзамдарды өзгөртүүнүн зарылчылыгы барбы?

— Мен чечкиндүү, координалдуу реформалар үчүн умтулам, өзгөчө экономика, санарип технологиялар тармагында. Мыйзамдарды түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Өнөктөш өлкөнүн президенти Путин мырза «СССРди ойлобогон кишинин жүрөгү жок, СССР кайра болсун деген кишинин мээси жок» деп таасын айткан. Андыктан элибизди коммунизм, социализм өңдүү куру кыялдарга эмес, жаңыланууга үндөгөнүбүз туура болот. Таажы вирусунун пандемиясы, тагыраак айтканда, карантин учуру санариптештирүү — бул келечек эмес, азыркы учурдун талабы экенин айгинелеп койду. Бул багытта «Мекеним Кыргызстан» партиясы өзүнүн шайлоо алдындагы программасында басым жасап жаткан либералдуу мамиле кылуу — ал мамлекет үчүн заманбап жана зарыл нерсе болууда.

— Алдыдагы жарышта сиз тандаган «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоочуларына берген убадасын убагында аткара алабы?

— Шайлоо кампаниясына күчтүү командалар катышат. Демек, биз тандаган «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоо жарышында алдыга озуп чыккан партиялардын бири болууга толук кубаты жетет деп эсептейм.

Мен бардык партияларды бири-бирибизге душман болбоого чакырат элем. «Сокурдун тилегени эки көз» дегендей, баарыбыздын ой-тилегибиз бир — бул Кыргыз өлкөсүн өстүрүп, өнүктүрүү.

Кылыч Исамамбетов.

Бирок кантип? Салижан Жигитов агабыз айткандай, «кыргызга, чукуганга чыбыктын кереги жок, сөөмөйү жетиштүү», сөөмөйүбүздү жумуп, ичибизден бузулуп, ыркырашып, бирибиз позиция, бирибиз оппозиция деп элдин башын айлантпайлы, кыргыздын улуу, эркиндикти туу туткан эл экенин эсибизден чыгарбайлы.

Бүгүн, азыр, ушул жерден таза баракка тарых жазып, өсүп-өнүгүүнүн жолуна түшөлү. Эртең кеч болуп калат.

Бизде бир гана менен бар — ал Кыргыз өлкөсү. Биз качан гана гүлдөгөн өлкө курганда урпактарыбызга талыкпай эмгектенгенибиз тууралуу айтып беребиз.

— «Мекеним Кыргызстан» партиясы «чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улай» алабы?

— Туура, кыргыз буту баспаган жер калбады. Дүйнө жүзүнө чачылдык. Демек, биз бул шайлоодо күчтүү адамдар менен күчтүү парламентти курабыз. Күчтүү парламент күчтүү өлкө болот. Чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улайбыз. Мына ошондо ар бирибиз менин МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН, мен Кыргыз өлкөсүнүн жаранымын деп сыймыктанабыз!

Сөзүмдү мекенин сүйгөн кытайлык кыргыздын төрт сап ыры менен аяктасам.

Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз,

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз.

Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, чачылдык биз.

Кырылып бара жатып тирилдик биз,

Бөлүнүп бара жатып бириктик биз.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума