01:04
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустан кийин калыбына келүү жолун иштеп чыкты

Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустан кийин калыбына келүү жолун иштеп чыкты. Бул тууралуу брифингде мекеменин башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус менен ооругандан кийин жөтөл, алсыздык, көкүрөк тушунда оору көпкө чейин сакталат.

«Ковидден кийин калыбына келтирүү ар кандай көнүгүүлөрдөн турат. Эч кандай дары колдонулбайт», — дейт Сооронбаев.

Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустан айыккан бейтаптар менен иштөө үчүн дарыгерлерди даярдоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар