23:32
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Өзбек журналисты Кыргызстандан саясый башпаанек сурады

Өзбек журналисты Бобомурод Абдуллаев Кыргызстандан саясый башпаанек сурады. Бул тууралуу анын жактоочусу Наталь Котик билдирди.

Башпаанек боюнча арыз Жогорку комиссариатка жана Миграция боюнча мамлекеттик кызматка берилди.

Жактоочу УКМКнын кызматкерлерине даттанып сотко кайрылмакчы. Анын айтымында, Бобомурод Абдуллаев УКМКда кыйноого кабылган.

Белгилей кетсек, өзбек журналисты пандемия алдында Борбордук Азиядагы америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке келген.

Аны Кыргызстандын укук коргоо органдары Өзбекстандын талабы менен кармашып, соттун чечими менен эки айга абакка камалган.

Эң көп окулган жаңылыктар