08:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзбекстанда пандемиядан улам жарым миллион мигрант чет өлкөгө чыга албай калды

Пандемия жарыялангандан тартып Өзбекстанга кайтып келген жарым миллион мигрант киргизилген карантиндик чектөөлөрдөн улам өлкөдөн чыгып кете алышкан жок. Бул тууралуу өлкөнүн Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери министрлигинин басма сөз катчысы Рахимжон Махкамов билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстанга эмгек миграциясында жүргөн 219 миң 657 адам кайтып келген. Алардын 50 пайызы мекенинде жумушка орношушкан.

«Чет өлкөгө кете албай калган 76,2 жаран Өзбекстандын ичинде иштеп жатат. Алардын ичинен 68,7 миң киши коомдук жумуштарга тартылып, айлык маяналары үчүн Коомдук жумуштар фондунан 21,8 миллиард сум (2,1 миллион доллар) бөлүндү. Алардын 122 миң 805и Орусиядан, 63 миң 636сы Казакстандан, 7 миң 144ү Түркиядан, 3 миң 376сы Түштүк Кореядан жана 22 миң 697си башка өлкөлөрдөн келишкен», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума