23:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өзбекстанда жергиликтүү чиновниктер талаада топурак көтөрүп жазаланды

27-октябрда социалдык түйүндөрдө колдоруна чоң кургак топурактарды кармап турган алты кишинин сүрөтү жарыяланды. Окуяга күбө болгон Бекабад райондук акимчилигинин өкүлү аларды ушул жуманын башында иштен алынган өлкөнүн мурдагы вице-премьер министри Зойир Мирзаев жазалаганын билдирди.

Зойир Мирзаев талаада майдаланбай жаткан чоң топурактарды көрүп, жергиликтүү чиновниктерди кемсинте баштады. «Эмнеге топуракты майдалабай туруп буудай септиңер?» деп кыйкырды. Андан соң аларга чоң топурактарды алып, көтөрүп турууну буюрду", — деди акимчилик өкүлү.

Анын айтымында, Зойир Мирзаев жазаланган чиновниктерди сүрөткө тартып, аны «сабак болсун» деп бардык райондук аткаминерлерге жөнөтүү тапшырмасын берген.

Окуя Ташкент облусунун Бекабад районундагы фермердик чарбачылыктардын биринде болгон.

27-октябрда социалдык түйүндөрдө арыктын ичинде жер карап, тизеге чейин суу болгон алты кишинин сүрөтү дагы тараган. ​Алар буудай талаалары жакшы сугарылбаганы үчүн Өзбекстан премьер-министринин айыл чарба боюнча орун басары Зойир Мирзаев тарабынан жазаланган. Бул окуядан кийин чиновник кызматтан алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума