14:44
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Москвада лифтте кызга асылган өзбек мигранты кармалды

Орусияда полиция лифтте 29 жаштагы кызга асылды делген 35 жаштагы өзбекстандык жаранды кармады. Бул тууралуу «Москва» агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Окуя 29-июлда Москванын чыгышында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Арыз берген кыз полициячыларга лифтке бейтааныш киши менен түшкөнүн айтып берген. Лифтте ал кызды өпкүлөп, сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө аракет жасаган. Асылууга кабылган кыз мигрантты түртүп, лифттен чыккан. Батирине келгенде ал полициянын нөөмөт бөлүмүнө чалган.

Даттануу түшкөн жерге келген полициянын ыкчам тобу мигрантты кармап кетти. Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

Эң көп окулган жаңылыктар